• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме жана мыкты адис” сынагы өткөрүлдү - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Мэриянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, китепканалардын, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана аларда эмгектенген мамлекеттик тил боюнча адистердин арасында 2020-жылдын 2-сентябрынан 10-сентябрына чейин “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме” жана “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты адис” шаардык сынактары өткөрүлдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык сынактар Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин конституциялык макамын көтөрүү, мамлекеттик тилди үйрөтүүдөгү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдөгү натыйжалуу иш тажрыйбаларды жайылтуу, мамлекеттик тилде мыкты иш жүргүзгөн мекеме жана адистерди моралдык-материалдык жактан колдоо максатында уюштурулду.

“Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме” шаардык сынагына Свердлов районунун №21 Муниципалдык аймактык башкармалыгы, №51 мектепке чейинки билим берүү уюму, №13 С.Орозбаков атындагы шаардык китепкана жана “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты адис” шаардык сынагына Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын № 5 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын, Октябрь райондук № 85, Ленин райондук № 72 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана шаардык №№ 21, 22, 24 китепканалардын адистери катышты.

Сынактардын жыйынтыктары 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий