• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мамлекеттик тилде мыкты иш жүргүзгөн адистер сыйланды

Коом 0

Бишкек, 21.09.17. /Кабар/. 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов катышуучуларды мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тил ынтымактын, достуктун жана биримдиктин тили деп белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын пролог бөлүгүндө: “Мамлекеттик тил, ыйман, адеп, маданият” темасы боюнча сахналаштыруу болуп, расмий бөлүктө майрамдык куттуктоо сөздөрү айтылып, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга салым кошуп жаткан шаардык мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн арасында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме, мыкты адис” сынактарынын жыйынтыгы боюнча алдыңкыларга сыйлыктар тапшырылды.

Шаардык иш чара майрамдык концерт менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий