• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жыйыны өтөт

Коом 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” жүзөгө ашыруу жана кыргыз тилиндеги терминологияны унификациялоо максатында конференция өткөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Тил саясаты жана кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери» аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция 2017-жылдын 20-21-апрелинде саат 10:00дө өтөт.

Иш-чарага министрликтердин, ведомстволордун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.

Конференцияда төмөнкү багыттардагы баяндамалар жасалуусу күтүлүүдө:

  • Тармактык терминологиянын актуалдуу маселелери;
  • Лингвистикалык терминологиянын актуалдуу маселелери;
  • Тил саясатын ишке ашыруудагы лингвистикалык изилдөөлөр.

Иш-чаранын өтүүчү дареги: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин №2 имараты, И.Раззаков көч., 51.

Пикир

Оставить комментарий