• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик тилдин 29 жылдыгы белгиленет

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 23-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынганына 29 жыл толот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-сентябрындагы №358 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, 2018-жылдын 21-сентябрында саат 10:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Иш-чарага өлкө жетекчилигинин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн келиши күтүлүүдө.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөсү уюштурулуп, тил майрамы концерттик программа менен коштолмокчу.

Пикир

Оставить комментарий