• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балык өндүрүүчүлөргө ижарага берилген жерлердин 100дөн ашууну иштебей турат

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик токой фондунун жерлери 189 балык өндүрүүчүгө ижарага берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Азамат Эркебаев билдирди.

Анын айтымында, ижарага берилген жердин жалпы аянты 474 гектарды түзөт.

“Бирок ижарачылардын 80и гана ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Калган 109у даярдык иштери менен алектенүүдө”, - дейт ал.

Эркебаев 2018-жылы өкмөттүн 192-токтому бекигенин айтат.

“Анын негизинде Мамлекеттик токой фондунун жерлериндеги көлмөлөр балык чарба өндүрүүчүлөргө ижарага берилет. Бүгүнкү күндө балык өндүрүүчүлөргө көлмөлөрдү ижарага берүүдө талаптарды катуу коюу боюнча токтомдун айрым жерлерин өзгөртүү каралууда”, - деп маалымдады ал.

Пикир

Оставить комментарий