• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 15-апрелде «Чоң 20» өлкөлөрүнүн Борбордук банктарынын финансы жана башкаруучу министрлери тарабынан «Чоң 20» жана Париж клубу тарабынан кабыл алынган жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жакыр өлкөлөр (Кыргыз Республикасы алардын ичине кирет) үчүн карызды тейлөөнү токтотуу Демилгеси жактырылган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, бул демилгенин алкагында Кыргыз Республикасы эки жактуу кредиторлордун дарегине тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөттү.

Бүгүнкү күндө 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө бардык эки тараптуу кредиторлор (Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция Республикасы, Германия Федеративдүү Республикасы, Дания Королдугу, Корея Республикасы, Япония) менен макулдашууга жетишилди.

Анын ичинде өлкөбүздүн ири кредиторлорунун бири Кытай Эл Республикасы менен 2020-жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Учурда мөөнөтүн узартуу шарттары иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий