• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын мамлекеттик жөлөкпулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам мамлекеттик жөлөкпулдарды, алардын түрлөрүн белгилейт, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө жана төлөп берүүгө байланыштуу мамилелерди, ал мамилелерден келип чыккан процесстерди кошо жөнгө салат.

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдын” жаңы редакциясы принципиалдуу түрдө жөлөкпулдун обьектиси катары баланын өзүн аныктайт жана улуттук, эл аралык мыйзамдарда бекитилген юридикалык милдеттенмелерди ишке ашырууга көмөктөшөт.

Мыйзамдын 5-статьясына ылайык төмөндөгү мамлекеттик жөлөкпулдар каралган:

-«балага сүйүнчү» (ар бир) бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул;

- «балага жөлөк» үч жашка чейинки (ар бир) баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул;

- «үй-бүлөгө көмөк» 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп (ар бир) баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;

- «социалдык жөлөкпул» пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул.

Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү Өкмөт тарабынан бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жана экономиканын абалына жараша жашоо минимумун эске алуу менен жыл сайын белгиленет.

Пенсиялык камсыздоого укугу жок 65 жашка толгон - эркектер, 60 жашка толгон - аялдар; 55 жашка толгон -баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес өлчөмдө белгиленет.

«Балага жөлөк» үч жашка чейинки баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул ар бир балага алар үч жашка толгонго чейин дайындалат.

«Үй-бүлөгө көмөк» 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:

3 жаш куракка жеткен жана 16 жаш куракка чыкканга чейин үчүнчү жана андан кийинки балдарга;

үч эм жана андан көп эгиздерге - 3 жаш куракка жеткен жана 16 жаш куракка чыкканга чейин ар бир балага.

Ар айлык социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда эмгекке жөндөмсүз төмөнкүдөй адамдарга дайындалат:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга – он сегиз жашка чейин;

- бал кезинен I, II жана III майыптык топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга

- I, II жана III майыптык топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;

- улгайган жарандарга (алтымыш беш жашка толгон -эркектерге,алтымыш жашка толгон - аялдарга);

- элүү беш жашка толгон баатыр энелерге;

- бир багуучусунан (ата-энесинин биринен) айрылган (бир багуучусу (ата-энесинин бири) каза болгон) балдарга;

- эки багуучусунан (эки ата-энесинен) тең айрылган (эки багуучусу (эки ата-энеси) тең каза болгон) балдарга;

- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга – алар он сегиз айлык куракка жеткенге чейин.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарда мурда дайындалган мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык жөлөкпул алууну тандоо укугу сакталат.

Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алууга документ тапшырган адамдарга, арыз чакыртып алынган жана арыз жаңы мыйзам боюнча берилген учурлардан тышкары, мамлекеттик жөлөкпул ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонууда турган мыйзамдын шарттарында дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий