• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик жактоочулардын кызмат акысы жогорулайт – Калбеков

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. 2019-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик жактоочулардын кызматтарына төлөө жогорулайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Юстиция министрлиги астындагы кепилденген мамлекеттик укук жардамын координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков кабарлады.

Анын айтымында, бул мамлекеттик укук жардамын координациялоонун реестринде каттоодо тургандарга тиешелүү.

"Жактоочулардын бирикмеси кызмат акы төлөө жогорулай тургандыгын билүүгө тийиш. Келе жаткан жылда бул үчүн 70 млн. сом бөлүнөт. Сапаттуу юридикалык жардам - тийиштүү деңгээлде төлөнүүсү керек", - деди Калбеков.

Алсак, мамлекеттик жактоочунун кызматы кармоо стадиясында 1 миң сом турса, мурда кызмат 400 сом турчу. Тергөө учурунда мурда мамжактоочуларга 1 миң 500 сом төлөнсө, эми 3 миң сом болот. Иш эки айдан көп каралса, жактоочуга ар бир айына кошумча 1 миң сомдон төлөнөт.

Мамлекеттик жактоочунун кызматы жарандын баш коргоо чарасы каралып жаткан кезде 500 сом турат, мурда бул үчүн акы төлөнбөйт болчу. Жактоочуга көп эпизодду, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кызмат көрсөткөндүгү үчүн кошумча 2 миң сом өлчөмүндө каражат төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий