• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

— жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жободо:

14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«14. Биринчи класстык чен кызматчыга ишин баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сыноо мөөнөтүн кошо алганда (ушул Жобонун 35-пунктунда каралган учурду кошпогондо) кызматчы административдик кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылат. Эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка кызмат ордуна дайындалса, анда ыйгаруу үчүн мөөнөт ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз иштеген бүткүл мезгилин ин жыйындысы боюнча эсептелет»;

28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«28. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси деген класстык чендерин ыйгарууну ишин баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары — ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жетекчиси жүргүзөт.

Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер киргизилет:

— тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу (тартип жазасы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— паспорттун көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

— класстык чени бар болсо, мурда ыйгарылган класстык чени жөнүндө документ (буйруктун нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

— кызматчынын баасын жана класстык ченди ыйгаруу жөнүндө сунушту көрсөтүү менен баалоо боюнча комиссиянын протоколунун көчүрмөсү (иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлөт)»;

33-пунктта «же мамлекеттик жарандык кызматтын кеңешчиси, муниципалдык кызматтын кеңешчиси» деген сөздөр алып салынсын;

35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«35. Мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча муниципалдык кызматтын класстык ченине ылайык келген мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени баалоо жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.

Муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин мамлекеттик жарандык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча мамлекеттик кызматтын класстык ченине ылайык келген муниципалдык кызматтын класстык чени баалоо жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.

Кызматчы кызматкерлерине аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды ыйгаруу каралган бир мамлекеттик органдан кызматкерлерине ушул Жобого ылайык класстык чен ыйгаруу каралган башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөн учурда алардын бар болгон аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы сакталып калат.

Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен баалоо жүргүзүлбөстөн ыйгарылат. Бул абзац аскердик же атайын наамдарына, атайын класстык чендерине, дипломатиялык рангдарына караганда төмөн класстык чендери бар кызматчыларга да колдонулат»;

42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«42. Кызматчы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген учурларда кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.

Кызматчы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугуна байланыштуу класстык ченден ажыратылат».

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий