• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалымат системасы жөнүндө Убактылуу жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 26.10.19. /Кабар/. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө Убактылуу жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечимди кабыл алуунун максаты – заманбап маалымат технологияларын жана адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасынын ишмердүүлгүн регламенттөө аркылуу мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасын (мындан ары - АИС «e-Kyzmat») Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү.

Белгилей кетсек, учурда автоматташтырылган системага 56 мамлекеттик органдын борбордук аппараты жана Бишкек менен Талас шаардык мэрияларынын аппараты кошулду. 2019-жылдын аягына чейин республика боюнча мекемелерге караштуу бөлүмдөрдү жана аймактык бөлүмдөрдү кошуу пландалууда. 2020-жылдын аягына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ар бир айыл өкмөткө чейин автоматташтырылган системага туташтыруу пландалды.

Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы саны 2000ге жакын.

Пикир

Оставить комментарий