• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мыктыларынын сүрөттөрү Ардак тактага илинди

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Көп жылдар бою мамлекетке ак кызмат өтөп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон инсандардын ишин баалоо максатында Мамлекеттик кадр кызматынын имаратында Ардак такта орнотулду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Ардак тактага жогоруда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын республиканын бардык аймактарында эмгектенген ардактуу ардагерлердин жана алдыңкы кызматчылардын сүрөттөрү илинди.

Бул саамалыктын негизги максаты мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларына иштеринде жогорку жетишкендиктерди жаратууга, берилген тапшырмаларды сапаттуу аткарууга жана жоопкерчиликтүү болууга түрткү берүү.

Белгилей кетчү жагдай, Ардак тактага илинүүгө татыктуу болгон мыкты кызматкерлердин көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу же башкача айтканда алыскы аймактардагы муниципалдык кызматкерлер. Себеби, аймактарда мамлекеттик кызматты өтөө борборго салыштырмалуу алда канча татаалыраак. Андыктан, бул Ардак такта алардын мындан ары да мыкты иштешине өбөлгө болуп жана башка кызматкерлерге, айрыкча жаңыдан өсүп келе жаткан жаш кадрларга үлгү болооруна шек жок.

Пикир

Оставить комментарий