• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркуловдун 110 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бшикек, 15.03.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана партиялык ишмери Абды Сүйөркуловдун 110 жылдыгына арналган “Улутун сүйгөн улуу инсан” аттуу көргөзмө ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, көргөзмөнүн расмий ачылышы алгач Абды Сүйөркуловдун эстелигине гүл коюп, таазим кылуу менен башталды. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жана башка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин жана маданияттын өкүлдөрү, Абды Сүйөркуловдун жакындары катышты.

Көргөзмөгө Борбордук Мамлекеттик архивинен, саясий документтердин жана Сүйөркуловдордун үй-бүлөлүк архивинен алынган фотосүрөттөр, документтер коюлду.

Министр Алтынбек Максутов алгач сөзүндө Абды Сүйөркуловдун жаратман башчы болгондугун баса белгилеп, ал министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеп турган учурда Улуттук илимдер академиясын, Опера жана балет театрын, Кыргыз мамлекеттик университетин ачтырып, Бишкек — Ош унаа жолун салуу чечимин кабыл алганын, анын демилгеси менен Касымалы Баялинов атындагы китепкана, борбор калаадагы ат майдан, бир катар өнөр жай ишканалары курулганын айтып өттү.

Маалымат үчүн: Абды Сүйөркулов 1912-жылы Ош облусунун Токтогул районунун Торкен айылында туулган. Ал алгачкы эмгек жолун Эл комиссарлар Советинин Кетмен-Төбөдөгү салык жана каржы иштери боюнча адиси катары баштап, 30 жашка караган куракта Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин үчүнчү, экинчи секретарлыгына чейин кызматка көтөрүлгөн. 38 жашында Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин төрагалыгына дайындалган. Абды Сүйөркулов Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 11 жыл бою Соода министри болуп иштеген.

Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарында, батыштан эвакуацияланып келген элдерди Кыргызстанга жайгаштырууда, Фрунзе-Ош жолун салдырууда анын эмгеги зор экениндиги дайым баса белгиленип келет.

Абды Сүйөркулов Кыргыз ССР Жогорку Советине беш жолу, ССР Жогорку Советине үч жолу депутат болуп шайланган, эки Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдары менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий