• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик жана социалдык мекемелердин кызматкерлери ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Кечээ, 2-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бир катар мамлекеттик жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Аземде куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков экономика, маданият, илим, медицина тармактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар бир сыйлык ээсине ыраазычылык билдирди.

“Өлкөдөгү тиешелүү тармактардын өнүгүшүнө көрсөткөн көмөгүңүздөр өтө баалуу. Биз сиздердин тажрыйбаңыздарга жана эмгегиңиздерге таазим этебиз. Мындан ары да зор аракет менен жаңы бийиктиктерди багынта берериңиздерге ишенебиз. Анткени бардыгыбыз өлкөбүздүн өнүгүшүнө, Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өсүшүнө кызыкдарбыз. Ал эми Жогорку Кеңеш экономика, ишкерчилик, илим, маданият, медицина тармактарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун кабыл алып, колдой берет”, – деп белгиледи Төрага Дастанбек Жумабеков.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын алгандардын катарында Жээнбек Абдиев, Канайм Айткулова, Дамира Бектенова, Гүлнара Дайырбекова, Парзаим Курманбекова, Рахат Каримова, Гүлайым Молдакунова, Айнура Жусупалиева, Нуркул Мурзакулов, Ажарбүбү Раимкулова, Доктурбек Раимбеков, Чинара Шакеева, Мастурхан Шарипова, Канышай Стамбекова, Асанбек Акматалиев, Радха Абдиева, Азамат Алымбаев, Рыскүл Жумашова, Жумагүл Токтобаева, Сүйүмкан Байышова Таланбтек Баев, Күлжамал Жанчыкулова, Азисбек Жаныкеев, Жапарбек Ормонов, Курбанбек Сопуев, Нурила Текебаева, Гүлүмкан Нурматова, Альберт Колопов, Гүлмира Сарбашова, Асан Боромбаев, Кенжебек Оромбаев, Аскарбек Күменов, Гүлшайыр Садыбакасова, Ольга Николаева, Табылды Ажымүдүнов, Гүлмира Бекбоева, Жаныл Какенова, Бүсажида Мамазияева, Күлбүбү Үсөнова, Жанышбек Саманчиев, Нурзат Асанбекова, Айнура Исманкулова, Бүбүсейнеп Кенесариева, Алманбек Осмонов, Тагдырали Акматов, Тариэл Жаныбеков, Ызатбек Жолдошалиев, Гүлназ Саева, Беделбай Кадырбердиев, Таалайбек Карасартов, Талант Конокбаев, Калысбек Шадыханов, Динара Дүйшөкеева, Талантбек Мамасадыков, Гүлба Керимбекова, Дамир Молдалиев, Бакей Бейшекеев, Аскарбек Жаныбеков, Динара Орозбаева, Садыгүл Алымкулова, Жүзүмкан Нуржанова, Эрнисбек Шабданалиев, Жаңылбүбү Чобиева, Айнагүл Чолова, Чынар Эргешова бар.

Пикир

Оставить комментарий