• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери кайсы күндөрү иштей тургандыгы айтылды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12-апрели иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасынын башка чөйрөлөрүнүн туруктуу ишин камсыздоого багытталган.

Учурдагы кырдаал мамлекет жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат. Көрсөтүлгөн чараларды аткаруу үчүн тийиштүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана анын ичинде эс алуу жана майрам күндөрү аларды ишке ашыруу талап кылынат.

Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2020-жылдын 22, 28, 29-мартын, 4, 5, 7, 11, 12-апрелин иш күндөрү деп жарыялоо, Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди.

Пикир

Оставить комментарий