• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо жана демилгелөө процедуралары жеңилдетилди

Экономика 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясында МЖӨ долбоорлорун даярдоо жана демилгелөө процедуралары жеңилдетилди жана карама-каршы келген жактары четтетилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министрлигинин инвестициялык саясат башкармасынын башчысы Ханчоро Мурзалиев билдирди.

Анын айтымында, кайрадан Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борбору түзүлдү.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда наркы 300 миллион долларлык 23 МЖӨ долбоору ар кандай этапта турат. Алардын ичинен 6 долбоор транспорт чөйрөсүндө, 5 долбоор саламаттык сактоо, 5 долбоор билим берүү, 4 долбоор туризм жана спорт, ошондой эле бир долбоор логистика, мейманкана жана маданият ишмерлигинин чөйрөсүндө", - дейт Мурзалиев.

Мурзалиев белгилегендей, 3 долбоор боюнча макулдашууга кол коюлуп, ишке ашуу этабында турат. Алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматын уюштуруу, "Кызыл-Кыргызстан" кинотеатрын кайрадан куруу жана коомдук унааларда электрондук билет долбоору.

"Мурда долбоордун ишке ашуусуна чейин МЖӨ долбоорлорун ведомство аралык макулдашуу процедураларына 2-3 жыл керектелсе, азыр биз аны 1 жылга чейин кыскарттык", - деди инвестициялык саясат башкармасынын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий