• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда гемодиализ борборлорун ачуу каралууда

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Экономика жана Саламаттык сактоо министрлери Арзыбек Кожошев менен Талантбек Батыралиевдер жолугуп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун, тагыраагы Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ борборун ачууну тездетүүнү талкуулады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кожошев эки министрлик маселени чечүүгө бардык күч аракеттерин жумшоо керектигин баса белгиледи. Аны менен катар тиешелүү жол картасын иштеп чыгуу зарылчылыгы айтылды. Ошондой эле, Кожошев гемодиализдин бааларын төмөндөтүү маселесин көтөрдү.

Талантбек Батыралиев өз кезегинде бул маселе боюнча эки министрлик бир пикирге келип, келишимге кол коюуга келгенде жеңилдетилген салык кызматы боюнча суроо жаралып калганын билдирди.

Жолугушууда Экономика министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ борборлорун ачуу боюнча долбоорду өкмөттүн кароосуна алып чыгуу, долбоорду биргелешип ишке ашыруу чечимине келишти.

Пикир

Оставить комментарий