• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалууда

Билим 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду кабыл алды.

Аталган министрликтин басма сз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашкан.

"Долбоордун негизинде Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыгышы керек", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун ишке ашуусуна кеткен каражатты IFC эл аралык каржылык корпорациясы берет. Техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү.

Билим берүү жана илим министри бул долбоорду колдоорун жана жумушту тездетүүгө кызыкдар экенин билдирген.

IFC – Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт.

Пикир

Оставить комментарий