• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттин акчасын бекер коротууну токтоткула! - ӨКМ башчысы кызматкерлерди сынга алды

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары менен аппараттык кеңешме өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министр Кыргызгидромет агенттигинин, Капиталдык курулуш департаментинин жана Суу ташкындардын алдын алуу агенттигинин алып барып жаткан иштерин тездетүүнү буюрду.

Мындан ары Бообек Ажикеев ӨКМ кызматкерлеринин сыртка чыгып жаткан иш сапарларын өз көзөмөлүнө аларын билдирди. "Техника өнүккөн заманда өтө маанилүү маселе болбосо иш сапарларга чыгуунун кажети жок, мамлекеттин акчасын бекер коротууну токтоткула!" - деди министр.

Ошондой эле Ажикеев ӨКМдин ар бир кызматкери аттестациядан өтүүсү зарыл, бирок анын максаты кызматкерлерди иш ордунан кетирүү эмес - алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу экендигин белгилеп, андан коркуунун кереги жок экендигин дагы бир жолу эскертти.

Пикир

Оставить комментарий