• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттин гана күчү менен Ачык өкмөттү куруу мүмкүн эмес - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып баруусу үчүн шарттарды түзүү боюнча демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу ал “Ачык өкмөт” (Open Government Partnership, OGP) форумунда белгиледи.

Эл аралык өнөктөштөрдүн, жумушчу топтордун, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында премьер-министр алдыга коюлган амбициялуу максаттарды ишке ашырууда мамлекттин гана аракеттери аз экендигин белгилеп кетти.

“Ошол себептен баардык жарандарды, бейөкмөт уюмдарды, бизнес-түзүмдү, ишкерлерди аталган ишти аткарууга толук катышууга чакырам”, - деп кайрылды премьер-министр.

М.Абылгазиев КР өкмөтү аталган өнөктөштүктүн алкагында бардык кызыккан тараптар менен кызматташууга даяр экендигин билдирип, эл аралык уюмдарга Ачык өкмөт түзүүдө көрсөткөн ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирип кетти.

“Биз мамлекеттик башкарууда демократия жана ачыктык бири-бири менен тыгыз байланышта экенин унутпашыбыз керек. Заманбап коомду түзүүдө бул ийгиликтин ачкычы”, - деди Абылгазиев.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Өнөктөштүккө өз ыктыяры менен 2017-жылдын ноябрь айында кошулган. Өкмөт өзүнүн чечими менен форум уюштуруп, ал форумдун түзүмүнө жарандык коомдон, депутаттардан жана өкмөттүн, президенттин аппаратынан 38 адам кирген.

Аталган форумдун ишинде 18 демилге бекитилип, ошолордун негизинде аларды ишке ашыруу боюнча эки жылдык план иштелип чыккан. Бекитилген план “Ачык өкмөт” Эл-аралык демилгеге эксперттик баа берүүгө жана эл аралык уюмдарды жана финасылык институттарды чакырууга даяр.

Иштелип чыккан План комплекстүү болуп саналат жана анын ичинде, иштин бардык чөйрөлөрүн камтыйт:

  • жарандар менен өкмөттүн ортосундагы өз ара катыш;

  • билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтарынын бар болушу;
  • соттук системанын ачыктыгы;
  • шайлоолор жана саясый каржылоо;
  • мурда жашыруун болгон архивдик маалыматтардын ачыкка чыгышы жана башкалар;

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын июль айында “Ачык өкмөт” (Open Government Partnership, OGP) саммитинин Грузияда өткөн V жыйынына катышкан.

Пикир

Оставить комментарий