• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мүлк фонду Атамбаевдин атасынын үйүн конфискациялоо боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров “Кабар” агенттигине мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин атасынын үйүн конфискациялоо боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин атынан жалпыга маалымдоо каражаттарында Атамбаевдин атасынын үйү конфискацияланды деп тараган маалымат тастыкталган жок.

“Үйдү конфискациялоо боюнча бизде маалымат жок. Демек, Арашан айылындагы үй сот органдары тарабынан берилген тизмеде жок. Анда жер тилкеси, тактап айтканда, Кой-Таш айылындагы эс алуу комплекси, көп жылдык көчөттөр бар, бирок үйдүн өзү тизмеде жок”, - деди Бакиров.

Эске салсак, буга чейин айрым ЖМКларда Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Алмазбек Атамбаевдин атасы курган үйдү Мамлекеттик мүлк фонду конфискациялоону көздөп жатканы тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий