• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маммүлктү башкаруу фонду “Мегакомдун” фонддун курамында ишин улантуусун колдойт

Экономика 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Альфа телеком” (“Мегаком”) компаниясы Маммүлктү башкаруу фондунун курамында иштөөнү улантуусун колдойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында фонддун башкысы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, компания жетиштүү деңгээлде кирешелүү.

“Ал мамлекеттик компаниялардын арасынан кирешелүүлүк боюнча “Манас” аэропортунан кийинки орунда турат. Биз компания өнүгүшү керек деп эсептейбиз”, - деди ал.

Компания сатыкка коюлабы деген суроого жооп берип жатып Түлөбердиев 2018-2020-жылга карата менчиктештирүү программасы бекитиле электигин белгиледи.

“Программа бекитилгенден кийин гана сатык тууралуу белгилүү болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий