• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маммүлктү башкаруу фонду: Жаңы учактардын жоктугунан улам "Эйр Кыргызстандын" абалы оор

Коом 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Заманбап учактардын жоктугунан улам "Эйр Кыргызстандын" абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондусунун төрагасы Ренат Түлөбердиев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, "Эйр Кыргыстандын" болгону 4 транспорт каражаты бар. Экөө колдонулбай токтотмодо турат.

"Учактын бири кыймылдаткычы оӊдоп-түзөөнү талап кылып, 2017-жылдын ноябрынан бери токтотмодо турат. Ал эми экинчи учак болсо лизинг төлөмдөрүнө төлөөгө каражат жоктугуна байланыштуу ижарага берилген. Ижарадан түшкөн каражаттын баары лизинг төлөмдөрүнө жумшалат", – деди Түлөбердиев.

Мындан сырткары, Түлөбердиев аба учактары паркын жаӊылоого каражат жоктугу башкы көйгөй болуп жаткандыгын, ошондой эле май менен камсыздагандарга карыздар бар экенин маалымдады. 2018-жылдын 9 айында кредиттик карыздар 323 млн сомду түзсө, дивиденддер боюнча карыз 4 млн 400 сом болгон.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынай ылайык, "Эйр Кыргызстан" ачык ационердик коому инвестициялык сынакка коюлуп, эки жолу өткөн жок деп таанылган.

"Эйр Кыргызстан" акцияларын реализациялоо үчүн акцияларды көбөйтүү аркылуу инвесторлорду тартуу зарыл", – дейт вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий