• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маммүлктү башкаруу фондунун курамына кирген 17 ишкана чыгашалуу, 9 акционердик коом банкрот абалында

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун курамына 106 мамлекеттик уюм кирет. Анын ичинен 48 ишкана кирешелүү, 17 ишкана чыгашалуу, 14 ишкана бюджеттик, 26 ишкана кирешесиз да, чыгашасыз да болуп саналат, ал эми 1 ишкана кайра түзүмдөштүрүлүүдө, 9 акционердик коом банкрот абалында турат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын жыйынында белгилүү болду.

Мамлекеттик пакети бар ишканалар менен акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө маселе каралып жатканда, ушундай жагдайларды эске алуу менен өкмөткө «Улуттук башкаруу компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү сунушу берилди.

"Биз 2019-жылы өкмөткө "Улуттук башкаруу компаниясы" ААКсын түзүү сунушун бердик, – деди фонд башчысы Ренат Түлөбердиев. – Анын башында премьер-министрдин өзү турушу керек. Бирок, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кала берет, анткени анда жаӊы холдингге берилбей турган иш-милдеттер да бар.

Жыйын жүрүшүндө фонд башчысы депутаттарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чараларын жакшыртуу боюнча иш-план долбоору менен тааныштырып, ага Казакстандын "Самрук Казына" компаниясынын акыркы жылдардагы ийгиликтерин мисал тартты.

Түлөбердиевдин айтымында, бул компанияда коррупциялык көрүнүштөр толугу менен жоюлган, баардык көрсөткүчтөр боюнча көч алдыда барат.

Казакстандын мамлекеттик мүлкүн башкаруу жаатында коррупциялык жосундар жок деген пикирге кошулбаган депутат Кожобек Рыспаев эмне үчүн "Самрук Казына" компаниясынын ишин мисал келтирип жатканына кызыкты.

"Эмне, Казакстанда коррупция жокпу?", - деди депутат.

Түлөбердиев мындай суроого Казакстанда деле коррупциялык көрүнүштөр орун алганын, бирок ал ар өлкөдө ар башка абалда экенин жооп кылды.

"Мисалы, Бишкек шаарындагы мамлекеттин карамагында турган "Караван" соода борборун эле алалычы, анда канча бутик жайгашкан, канча киреше алабыз? Биз адегенде колубуздагы саан уйга же жумурткалуу тоокко кам көрүп, анан анын убайын көрүшүбүз керек да. Бирок, андай болбой жатпайбы", - деди депутат Рыспаев.

Пикир

Оставить комментарий