• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маморгандар үчүн Бирдиктүү портал менен иштөө боюнча онлайн тренингдер өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Юстиция министрлиги тарабынан Microsoft Teams тиркемесин колдонуу менен, онлайн-форматта ченемдик-укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү портал менен иштөө боюнча тренинг өткөрүлүүдө.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тренингдин алкагында Бирдиктүү порталды түзүү, аны менен иштөө тартиби, порталды башкаруу, порталда долбоорлорду жайгаштыруу тартиби, келип түшкөн комментарийлерге жоопторду даярдоо маселелер боюнча презентациялар пландалган.

Тренерлер катары көзкарандысыз эксперттер, Юстиция министрлигинин кызматкерлери жана Бирдиктүү порталды иштеп чыккан CBI (Бизнес жана инновациялар борбору) кеңсесинин өкүлдөрү тартылды.

Эске салсак, КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы 277-р буйругуна ылайык, Бирдиктүү портал пилоттук режимде ишке киргизилген жана анын иштөө тартиби бекитилген.

Бирдиктүү портал Европа Бирлигинин «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгү 2-фаза» программасы жана ЮСАИДдин биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен иштелип чыккан.

Бирдиктүү порталда төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр каралган:

- ченемдерди жаратуу демилгелери менен таанышуу;

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна ачык-айкын сын-пикирлерди, сунуштарды, эскертүүлөрдү жайгаштыруу. 7 күндүн ичинде онлайн режиминде иштеп чыгуучу орган тарабынан жооп алуу мүмкүнчүлүгү;

- коомдук талкулоо жол-жобосу аяктагандан кийин, ЧУА долбоорлорунун андан ары жылышына мониторинг жүргүзүү;

- кеңейилген издөө тутуму.

Ушундай эле тренингдер ушул жылдын 10-11-сентябрына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий