• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маморгандар тыныгуусуз иштеп, элди жумалап күттүрбөсүн - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү органдардын баары теӊ керек болсо түшкү тыныгуусуз иштесин. Элди жумалап күттүрбөсүн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Ал бюрократия биздин бардык жакшы пландардын баарына тоскоол болуп жатат деп, бардык жерде майда чиновниктер пара ала турган шарттар түзүлгөндүгүн билдирди.

"Жарандар шаар бою кыдырып ар кайсы эшиктерди жыртып, керектүү маалым каттарды, кээде таптакыр кереги жок кагаздарды алуу үчүн чуркап жүрүшөт. Буга канчалаган убакыт, каражат, нервдер кетип жатат. Жарандарыбыз үйлөнүп, балалуу болуп, билим алып жатышат — чиновниктер алардан ар кандай маалым кат талап кылып жатат. Ал түгүл өлгөндөн кийин да туугандары маалым кат алыш үчүн зарыгып кезек күтүп турушат", - деди ал.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү органдардын баары теӊ керек болсо түшкү тыныгуусуз иштесин. Элди жумалап күттүрбөсүн, - деди өлкө башчысы.

"Буга окшогон фактылар түп-тамырынан бери жок кылынып, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Мындай болбойт, мындайга жол берилбеш керек!

Жогорудагы мисалдардын баары мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө санариптик технологияларды масштабдуу киргизүүнү шарттайт. Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, ар кандай кагаздарды жана бюрократияны азайтат. Мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулукту жогорулатат".

Бул максатка жетүү үчүн азыркы учурда Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы пилоттук режимде иштей баштады. Учурда 10 кызмат электрондук форматта көрсөтүлүп жатат. Эки жума ичинде, ушул жылдын аягына чейин электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 25ке жеткирилет. Андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын 25 кызмат көрсөтүүсү бирдиктүү порталга киргизилиши зарыл.

Жыйынтыгында 2019-жылдын аягына чейин 189 кызмат электрондук форматка өткөрүлөт.

Бул иштер белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей аткарылышы керек.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорун негиз катары кабыл алып, айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий