• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкүлөр түзүлсүн деп токтом кылат:

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун базасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.

Мындан тышкары, аталган Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Мурунку аталышынан “тышкы соода жана инвестициялар” деген сөздөр алып салынды.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий