• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маморгандардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча сынакка документтерди кабыл алуу 15-мартта аяктайт

Өкмөт 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын Катчылыгы эскертет: мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча сынакка документтерди кабыл алуу 2019-жылдын 15-мартында аяктайт.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы/учурдагы курамына коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, министрлик жана административдик ведомстволордун ишмердүүлүгүнө тийиштүү тармактардын экспертик чөйрөсүнүн, кесипкөй жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүн кошумча сынакка тандоо үчүн документтерди кабыл алуусу тууралуу жарыялаган.

15-мартка чейин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» КР Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык талапкерлердин санынын жетишсиздигине байланыштуу төмөнкү Коомдук кеңештерге сынак жарыяланат:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын КК;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын КК;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын КК;

- КР Экономика министрлигинин КК «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык гендердик өкүлчүлүк талаптарына жараша аялдардын талапкердигинин жетишсиздигине байланыштуу жарыяланат.

2019-жылдын 15-мартына чейин МОКК мурдагы курамынын ишинин жыйынтыкталгандыгына байланыштуу төмөнкү мамлекеттик органдардын Коомдук кеңештерине сынак жарыяланат:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик мүлктү башкаруу боюнча фонду.

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир уюмдан тигил, же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын иш-аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин жана администрациялык ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;

2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;

4) кынтыксыз ишкерлик кадыр-баркка ээ болушу;

5) тиешелүү министрликтин жана административдик ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көз караш, идеялар же сунуштар болушу керек;

6) активдүү коомдук ишмердик жүргүзүү, жарандык демилгелер тажрыйбасы болушу керек.

Сынакка катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш (жазуу түрүндө жана мамлекеттик же расмий тилинде сунушталат):

1) Талапкерди тиешелүү коомдук кеңештин курамына киргизүү жөнүндө сунушу, бул талапкерди коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн негиздер, жүйөлөр камтылып Комиссияга даректелген жарандын же юридикалык жактын же жарандык жана/же юридикалык жактардын бирикмелеринин өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы же каты;

2) билими, кесипкөйлүк жана коомдук ишмердүүлүк тажрыйбасы, талапкердин туулган жылы жана жери (күнү/айы/жылы, айыл/шаар, район, облусу), байланыш маалыматтары (дареги, телефон номери, электрондук дареги) көрсөтүлгө, өмүр баяны (резюме) сынакка документ тапшырууга чейинки 6 айдан берки сүрөтү менен маалыттар;

3) талапкердин коомдук кеңешке өз катышуусу тууралуу көз карашы.

4) 2 сунуштама кат.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

1) 720003, Бишкек ш., Абдумомунов көч. 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү» белгиси менен),

же osgo@mail.gov.kg электрондук почтасы аркылуу:

2) конкреттүү мамлекеттик органды белгилеп, «коомдук кеңешке сынакка» белгиси менен (PDF форматында көлөмү 5 МВдан ашпаган бир файл түрүндө) жөнөтүү сунушталат.

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер сынакка киргизилбейт.

Пикир

Оставить комментарий