• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамветинспекция: Кыргызстанда 555 сибирь жарасынын очогу табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Кыргызстанда 555 сибирь жарасынын очогу аныкталды. Бул тууралуу 19-июнда ЖКнын тиешелүү комитетинде Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматынын жетекчиси Калыс Жумаканов билдирди.

Комитет биринчи окууда, сибирь жарасы аныкталган аймактарга малдарын жайгандарга карата административдик айып салууну талкуулашты.

Анткен менен, талкуунун жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков, бир нерсени талап кылаардын алдында ага шарт түзүү зарылчылыгын белгиледи.

“Сиздер өзүңүздөр билесиздер көпчүлүк жайыт тарпканалары ушул күнгө дейре тосулган эмес. Мындан көптөгөн ооруулар чыкканы баарыбызга белгилүү. Ылаңдуу малдардын ташталган жери Союз таркагандан кийин аныкталбай, табылбай калган”, - деди Жээнбеков.

“Сиз туура айтасыз, согуштан кийин 1943-жылдары бизде 1 миң 232 сибирь жарасынын очогу бар экени такталган факты бар. Алардын 555 очогу аныкталган. Учурда биз алар менен иш алып барып жатабыз. Ооруу аныкталган аймактар айыл өкмөттөрдүн жеке көзөмөлүнө алынып, биз алардан ал жердин тосулушун талап кылабыз. Ошондой эле, бир жылда эки ирет, тагыраагы жаз, күз мезгилдеринде андай жерлерде дезинфекция иштерин жүргүзүп турабыз”,-деп билдирди Жумаканов.

Булагы CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий