• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамветинспекция өлкөдөгү ветеринардык лабораторияларда оптимизация жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда ветеринардык лабораториялар оптимизациядан өтүп, жыйынтыгында 28 лабораториядан 19у калды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны маалында билдирди.

Ал билдиргендей, анын ичинен 3 лаборатория түндүк жана түштүк аймак боюнча ветеринандык диагностика жана экспертиза борборунун улуттук макамы бар.

“Бул эки лабораторияга 2 млн. 860 миң 141 долларлык заманбап жабдыктар орнотулду. Талас, Баткен, Балыкчы жана Каракол шаарларындагы 4 ветеринардык диагностика жана экспертиза борборун куруу иштери бүткөрүлдү. 12 райондор аралык лабораториядагы жумуштар аяктады. Бул иштерге 2017-жылы 175 млн . сом бөлүнгөн”, - деди ал.

Ошондой эле ал өкмөт тарабынан Талас, Баткен, Балыкчы жана Каракол шаарларындагы лабораторияга жабдык жабдуу үчүн 80 млн. сом табылганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий