• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамытканов аяр катмардагы үй-бүлөлөрдү үймө-үй кыдырып чыгуу тапшырмасын берди

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгиленгендей, 2020-жылдын 11 айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде үй-бүлөлүк зомбулуктун 8337 (2019-жылы - 7428) окуясы катталган, бул 2019-жылга салыштырмалуу 909 окуяга көп жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу алкагында мектептерде социалдык педагог кызматы киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улан Маматкановдун маалыматына ылайык, республика боюнча 470 комитет түзүлгөн, анын ктаарында үй-бүлөлк зомбулукту жоюу маселеси үстүндө иш алып барган кризистик борборлор бар.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов тармактык министрликтердин маалыматын угуп, кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжасы жетишсиз болуп жаткандыгын белгиледи.

«Мисалга, жабыркаган жактар үчүн түз байланыш бар, бирок алардын номурун көпчүлүк билбейт. Бул калктын маалыматы начардыгынан кабар берет. Балким, ал номурларды бириктирип, үймө-үй кыдырууда аларды тургундарга таркатуу керек. Ал номурларды тез жардам, же милициянын номуру сыяктуу эле ар бир жаран жатка билүүсү зарыл», - деп белгиледи Максат Мамытканов.

Белгилесек, аялдар жана балдарга карата зомбулук жана катаал мамилелердин алдын алуу максатында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде –«111», Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде – «112» жана Акыйкатчы аппаратында «115» кызматы иштейт.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева кошумчалагандай, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин комплекстүү кароо керек, ошол эле учурда мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек.

«Жаш муун туура маалымат алуусу керек», - деди Эльвира Сурабалдиева.

Ал белгилегендей, балдар Интернет тармагына эркин жеткиликтүүлүккө байланыштуу ишенимсиз булактардан ар-түрдүү маалыматтарга ээ болушат.

«Белгилүү чыпкалардын жоктугунан 15 жашар өспүрүмдөр порнографиялык материалдарга жеткиликтүүлүк ала алат. Бул маселени чечүү зарыл», - деди ал.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө алдын алуу иштерин күчтөндүрүү, тактап айтканда, социалдык кызматкерлердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аяр катмардагы үй-бүлөлөрдү үймө-үй кыдырып чыгуу тапшырмасын берди.

«Жаңы жыл майрамдары алдында туугандарынын камкордугуна алынган эмгек мигранттарынын балдарына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Алар тобокелдик катмарында турат. Биз ар бир бала көзөмөлүбүздө болуусуна күч -аракетибизди жумшообуз керек. Кырсык орун алган соң коңгуроо какпастан, алдын алуу иш-чараларына басым жасоо зарыл», - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий