• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамытканов баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча координациялык комитеттин отурумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Баңги заттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик координациялык комитеттин отурумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакыт Матмусаев, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы укук коргоо органдарынын, мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев катышты.

Отурумдун жүрүшүндө баңги заттарга байланыштуу абал, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча программасынын жаңы редакциясы жана аны 2021-2025-жылдар аралыгында жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы талкууланды.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында баңги заттарына каршы күрөшүүнүн абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, жарандык коомдун, ошондой эле эл аралык уюмдардын аракеттерин координациялоо керектигин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын кылмыш жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдарын өркүндөтүү, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана «түндүк маршруту» боюнча афган тектүү баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу боюнча сунуштар айтылды.

Отурумдун жыйынтыгында баңги заттын глобалдык жана аймактык абалы тууралуу маалымат эске алынды. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында баңги заттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча иштин натыйжалары канааттандырарлык деп табылды.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр тийиштүү органдарга 2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңги заттарга каршы күрөшүү программасынын долбооруна киргизүү үчүн афган тектүү баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштү күчөтүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңги заттарга каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу маселесин кароо сунушталды.

Мындан тышкары Комитеттин катчылыгына жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында Баңги заттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитет үчүн Интернет-сайтты түзүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий