• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамытканов Германиянын элчиси Моника Иверсен менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.01.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин м.а. Максат Мамытканов Кыргыз Республикасындагы Федеративдик Германия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууга алынды.

Вице-премьер-министрдин м.а. Максат Мамытканов маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүү боюнча элге берилген убада аткарылды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу жана башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы улуттук референдуму олуттуу бузууларсыз, республиканын мыйзамдарын так сактоо менен жана эл стандарттарга ылайык өттү. Эми Өкмөт алдында коррупцияны жоюу милдети турат, ал өз кезегинде инвесторлорго шарт түзүү менен экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшыртылышын шарттайт», - деп белгиледи Максат Мамытканов.

Ошондой эле республикадагы демократиялык принциптерди чыңдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, коррупция менен күрөшүү, өлкөдөгү саясий туруктуулук, жашыл экономика жана ачык-айкын парламенттик шайлоолорду камсыздоо боюнча маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасындагы Федеративдик Германия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен өз кезегинде калыбына келүүчү энергия булактары боюнча Германиянын алдыңкы тажрыйбасы тууралуу маалымат берди жана германдык тараптын «Жашыл Борбор Азия» герман демилгесинин алкагында биргелешип иш алып барууга даярдыгын билдирди.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган активдүү кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий