• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамытканов: Калк арасында шайлоо процесси боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү зарыл

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамыткановдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда өттү.

Вице-премьер-министр калк арасында шайлоо процессинин бардык маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү зарылдыгына токтолуп, биометрикалык каттоодон өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Калк арасында көптөгөн суроолор пайда болууда. Маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү керек. Ар бир жаран кайда барып шайлаарын жана мыйзам бузуулар орун алган учурда кайда кайрылаарын билиши керек. Маалыматтар ачык жана ар бир шайлоочуга жеткиликтүү болушу тийиш”, - деди вице-премьер-министр.

Белгиленгендей, административдик ресурс пайдаланылса, шайлоочулардын добушу сатылып жатса, же башка мыйзам бузуулар орун алса, Координациялык топтордун реакциясы токтоосуз болушу керек.

“Дагы бир ирет кайталап кетем, шайлоочулардын укугу бузулган учурда укук коргоо органдарынын реакциясы катаал болот. Биз 5-октябрдагы окуялардын кайталанышына жол бербейбиз”, - деп жыйынтыктады Максат Мамытканов.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди, ошол эле учурда алардын өз учурунда аткарылышы үчүн ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий