• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамытканов: Өлкөнүн ар бир жаранынын шайлоо укугу толугу менен жүзөгө ашырылышы керек

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун төралыгы алдында КР президентинин кезексиз шайлоосун уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр штабдын жыйынын ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мүмкүн болушунча таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин белгиледи.

«Бардык мамлекеттик органдар президенттик шайлоону жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек», - деди Максат Мамытканов.

Андан кийин Республикалык штабдын тең төрагасы болгон Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шилдабекова маалымат берди.

Ал белгилегендей, кезексиз президенттик шайлоо учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн бардык санитардык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл буруу керек.

Ошондой эле ал жакынкы аралыкта республиканын бардык аймактарында селектордук жыйын уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен орун алган маселелер боюнча маалымат берилерин кошумчалады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бардык маселелер биргеликте жана тез арада чечилиши керек.

«Биз бардык аткаруу бийлик органдарынын координацияланган ишин көрсөтүшүбүз керек. Буга чейинки Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо биз үчүн чоң сабак болууга тийиш», - деди Максат Мамытканов.

Андан соң Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоого чейинки жана андан кийинки иш-чаралардын планы талкууланды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, планды бекитүүдө жарандардын, мамлекеттин коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керек.

«Биздин ишибиз азыр коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө. Өлкөнүн ар бир жаранынын шайлоо укугу толугу менен жүзөгө ашырылышы керек», - деп сөзүн жыйынтыктады Максат Мамытканов.

Отурумдун соңунда мамлекеттик органдарга жана Өкмөттүн Аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнө тез арада Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону уюштуруу планын бекитүү боюнча сунуштарды карап чыгуу жана киргизүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий