• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамытканов: Негизги милдет – ачык-айкын жана таза шайлоо өткөрүү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабда теңтөрагалык милдетти Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аткарат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Шайлоону уюштуруу боюнча штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Ал белгилегендей, теңтөрагалык штабдын ачык иштөөсү үчүн жасалып, анда БШКнын сунуштары жана талаптары угулган.

"Негизги милдет - шайлоонун жыйынтыгы күмөн жаратпашы үчүн ачык-айкын жана таза шайлоо өткөрүү. Биз, өкмөт катары бизден көз каранды болгон бардык иштерди аткарабыз. Биринчи кезекте мыйзамдуулукту жана санитардык нормалардын сакталышын камсыз кылуу", - деди ал.

Вице-премьер билдиргендей, штабдын биринчи жыйыны өтүп, сунуштарды үч күндүн ичинде киргизүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий