• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Мамытканов: Парламенттик шайлоодо нааразычылыктарды жараткан каталардын кайталанышына жол бербейбиз

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Парламенттик шайлоодо нааразычылыктарды жараткан каталардын кайталанышына жол бербейбиз. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, өткөн парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу жана шайлоо даректерин массалык түрдө өзгөртүүгө жол берилген.

Мамытканов белгилегендей, алдыдагы президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болбойт.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий