• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамытканов: Шайлоо жана референдум тынч өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек 10.01.21. /Кабар/. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум тынч өттү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кечки саат 20:00дө шайлоо тилкелеринин баары жабылып, добуш берүү токтотулду.

"Шайлоо жана референдум тынч өттү. Мыйзам бузуулар болгон жок. Мурунку шайлоолордогудай кемчиликтер кеткен жок. Айрым кайрылуулар болду, алардын баары өз убагында тийиштүү органдарга жөнөтүлдү. Өкмөт тарабынан уюштурулган call-борборго эртең мененки саат 8:00дөн баштап кечки 20:00гө чейин болгону 65 чалуу келип түштү. Эң акыркы чалуу саат 18:10до катталган", - деди президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү аяктады.

Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ эле.

Пикир

Оставить комментарий