• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамытканов: Өткөрүү пунктун реконструкциялоо – бул мезгил талабы

Өкмөт 0

Бишке, 30.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Акжол - автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунун реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыдыруу учурунда белгиленгендей, реконструкциялоо планы боюнча, көзөмөл-өткөрүү пунктунун оңдолушу 2020-жылдын соңуна дейре бүткөрүлүшү тийиш болчу. Бирок коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу оңдоо иштеринин мөөнөтү 2021-жылдын биринчи кварталына чейин узартылган.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, өткөрүү пунктун реконструкциялоо – бул мезгил талабы.

"Көзөмөл-өткөрүү пункту – бул өлкөнүн жүзү. Чек арабызды кесип өтүүчү ар бир адам үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Биздин өлкө тууралуу коноктордо жакшы пикир калуусу керек. Буга анын техникалык жактан жабдылышы, эл стандарттарга шайкеш келүүсү, ошондой эле чек ара кызматкерлеринин жарандарга карата жасаган кичипейил мамилеси да кирет. Бекеринен кыргыз элинини меймандостугу даңазаланбайт", - деди Максат Мамытканов.

Андан соң ал белгилегендей, өзгөчө көңүлдү оңдоо иштеринин сапатына буруу керек.

"Көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоонун сапаты бардык эл аралык талаптарга дал келиши зарыл. Бир жыл, же эки жыл өткөн соң кайрадан оңдоо иштерине муктаждык жаралбашы керек. Сапатты көзөмөлдөө жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү тийиш",- деп белгиледи ал.

Кыдырып чыгуу жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилигине оңдоо иштеринин бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлгө алуусу тапшырылды.

Вице-премьер-министрдин м.а. белгилегендей, бир айдан соң ал аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуна кайрадан келет.

Эскертсек, «Ак-Жол - автодорожный» өткөрүү пунктун модернизациялоо 2020-жылдын март айында башталган. Модернизациялоо боюнча иштер республикалык бюджеттен каржыланат.

Мурда пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамды жана 800-1000 унааны түзгөн. Оңдоо иштери жүргүзүлгөн соң, көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсеге жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий