• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамытов: Адамзаттын келечеги КМШ сыяктуу өлкөлөрдүн жана элдердин интеграциялык бирикмелеринде

Президент 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. «Бүгүнкү күндө КМШ — бул өнүгүүгө зор потенциалы бар уникалдуу түзүлүш. Адамзаттын келечеги КМШ сыяктуу өлкөлөрдүн жана элдердин интеграциялык бирикмелеринде», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынында.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, президенттин милдетин аткаруучу 2021-жыл КМШнын мааракелик жылы экенин белгилеп, Шериктештиктин тарыхый маанисине жана анын дүйнө коомчулугундагы ордуна токтолду.

Ал Советтер Союзунун кулашынан кийин КМШнын түзүлүшү Шериктештикке кирген элдердин экономикалык, маданий жана рухий жааттан алганда түпкү кызыкчылыктарына жооп берген жападан жалгыз саясий чечим болгондугун баса белгиледи.

«Дал ушул Шериктештиктин алкагындагы биргелешкен аракеттерден улам бүгүнкү күндө биз мезгилдин чакырыктарына, алардын бири болгон масштабдуу пандемияга ийгиликтүү каршы тура алдык. Дүйнөлүк экономика менен соодадагы каатчылыктар, экология менен таза суу көйгөйлөрү, жакырчылык менен жумушсуздук — дүйнөлүк коомчулуктун мындай маселелеринин баары мындан ары курчуп кетүү тенденциясында турат. Турмуштун бардык чөйрөсүндөгү ааламдашуу өнүгүү менен катар өзүнө коркунучтарды да камтыйт. Буга байланыштуу өз ара аракеттешүүнүн бирдиктүү, жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу, бардык маанилүү багыттар боюнча бирдиктүү жана конструктивдүү диалог — буга чейинки башкы жетишкендик жана КМШ алкагында биздин өлкөлөрдү мындан ары өнүктүрүүнүн негизи „, — деп белгиледи мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов Кыргызстандын эгемен, демократиялык мамлекет катары аз убакытта көп нерселерди башынан өткөргөнүн — элдин кызыкчылыгына жооп бере турган өз өнүгүү жолубузду табуу оңойго турбагандыгын кошумчалады.

“Пландуу советтик экономика менен тыгыз байланыштуу болгон өлкө экономикасы эптеп жашап кетүү чегине жеткен. Мындай кыйын шартта дал ушул КМШ алкагындагы интеграция Кыргызстанга ошол кездеги экономикалык кризистин оор кесепеттерин жеңип чыгууга жана өлкөдөгү социалдык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө болгон. Мындан сырткары, Кыргызстан ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ, КМШ сыяктуу интреграциялык биримдиктерге мүчө болуу менен ар дайым бул уюмдардын ырааттуу өнүгүшүн жана кеңейишин колдоп келген жана колдоп келе жатат», — деп айтты президенттин милдетин аткаруучу.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттери акыркы он жылдагы эң оор чыгымдарга алып келгенин баса белгиледи. Анын кесепеттери экономикалык өсүштүн, соода көлөмүнүн бир кыйла азайышына, бюджет тартыштыгынын өсүшүнө, жумушсуздук менен жакырчылыкка алып келди.

«Мындай кыйын учурда Шериктештик өлкөлөрүнүн экономикасына пандемиянын терс таасирлерин азайтуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоону активдештирүү зарыл. Соода-экономикалык кызматташуу темпин колдоо, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу, жүк ташуунун эркин транзитин жана Шериктештик мейкиндигинде бардык сактык чараларын эске алуу менен жумушчу күчтөрүнүн эркин жүрүүсүн камсыздоо өтө маанилүү деп эсептейм. Албетте, бул жаатта иштер жүрүп жатат, бирок ал иштер бардык тараптардын кызыкчылыгында жигердүү алпарылышы керек. Жалпы обочолонуу жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы чек араларды мажбур жабуу шартында үзгүлтүксүз соода жүргүзүүгө, гуманитардык жүктөрдү, азык-түлүк товарлары менен медициналык каражаттарды жеткирүүгө өбөлгө боло турган жашыл коридорлордун тажрыйбасын колдонуу зарыл», — деп белгиледи ал.

Талант Мамытов Россия, Казакстан жана Өзбекстандын жетекчилерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстанга эки модулдук инфекциялык оорукананы куруп бергендиги үчүн өзбек тарапка өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ошондой эле Россия тарабынан коронавируска каршы бир нече вакцинанын ийгиликтүү иштелип чыккандыгын белгилеп, урматтуу Владимир Владимировичти жалпы адамзат үчүн бул маанилүү окуя менен куттуктап кетким келет. Бүгүнкү күндө вакциналарга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана биздин өлкөлөрдүн калктарын иммундаштыруу учурдун талабы болуп саналат. Кыргыз тараптын Россиянын вакцинасын алууга кызыкдар экенин дагы бир жолу билдирип кетким келет», — деп белгиледи президенттин милдетин аткаруучу.

Ал КМШнын келечеги — баарынан мурда Шериктештиктин алкагындагы туруктуулук, коопсуздук жана ынак коңшулук маселеси экендигин өзгөчө белгиледи.

«Кыргызстан Тоолуу Карабактын айланасындагы окуяларга тынчсыздануу жана тезирээк тынчтык орношуна үмүт менен байкоо салып турду. Биз ар дайым чыр-чатактарды тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактайбыз жана ушул этапта жетишилген келишимдер диалогду улантууга шарт түзөт деген ишенимдебиз. Тоолуу Карабактагы кырдаалды жөнгө салууда Россия тараптын өзгөчө ролун дагы бир ирет баса белгилегим келет», — деп айтты Талант Мамытов.

Мындан сырткары, президенттин милдетин аткаруучу руханий жана маданий кызматташтык маселелерине көңүл бурду.

«2022-жыл — Элдик чыгармачылыктын жана маданий мурастардын жылы, 2023-жыл — улуттар аралык баарлашуунун тили катары орус тили жылы деп жарыялоо тууралуу бүгүн кабыл алынып жаткан чечимдер биздин өлкөлөрдүн мындан аркы ар тараптуу байланыштарын камсыз кылмакчы. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, 2022-жылы Кыргыз Республикасы Каракол шаарында „Шериктештиктин маданий борборлору“ мамлекеттер аралык программасын ишке ашырат. Тараптарга биздин бул демилгени колдогондору үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Жогоруда белгиленгендей, келе жаткан жыл биздин Шериктештик үчүн мааракелик жыл болот. Кыргызстан КМШнын 30 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүүгө активдүү катышат.

Акыркы бир нече жыл ичинде эксперттердин биргелешип үзүрлүү эмгектенгендигинин натыйжасында КМШнын мындан ары өнүктүрүүнүн жаңыланган Концепциясы жана аны жүзөгө ашыруу планы иштелип чыкты. Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бул Концепцияны жана аны жүзөгө ашыруу планын толугу менен колдойт „, — деп баса белгиледи мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Ал Шериктештиктин алкагында достук мамилелерди жана өз ара колдоону чыңдоодо маанилүү ролду ойногон дагы бир багыт катары Парламенттер аралык кызматташтыкты атады. Кыргыз тарап бул ишмердүүлүккө мындан ары да активдүү катышууга ниеттенип жатканын билдирди.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Кыргызстандын бир тандоосу бар экенин, ал КМШ алкагында конструктивдүү жана адилеттүү кызматташуу экенин кошумчалады.

“КМШнын келечеги кандай болору, баары өзүбүздөн көз каранды. Биздин принципиалдуулугубуздан жана көрөгөчтүгүбүздөн. Бирок кандай гана чечим болбосун, анын башатында, биринчи кезекте, жарандардын кызыкчылыгы турушу керек», — деп сөзүн жыйынтыктады президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов.

Пикир

Оставить комментарий