• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамытов Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы ийгиликтүү кызматташуу, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын дилимден куттуктайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов Ильхам Алиевге бекем ден соолук, узун өмүр жана мамлекеттик ишинде мындан ары ийгиликтерди, ал эми бир тууган Азербайжан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий