• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамытов баштаган депутаттар жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда парламентте «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү» аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Жыйынды Жогорку Кеңешке караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору Бактыбек Такенов ачып, тегерек стол аталган борбордун жана консультациялык кеңештердин алкагында парламенттин жарандык коом менен алакаларын кеңейтүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Талкуу маалында төрага Талант Мамытов, жарандык коомдун институттары ар дайым өлкөнүн артыкчылыктуу милдеттерин иштеп чыгууда чечүүчү роль ойнооруна токтолду.

«Парламент Конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууда жарандык коом менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Бул жагдайда ачык-айкындуулук Жогорку Кеңештин ишинин маанилүү принциптеринин бири болуп саналат», - деди Талант Мамытов.

Ошондой эле төрага жарандык коом институттары, бейөкмөт уюмдар жана башка өнөктөштөр менен биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу максатында Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында төрт кеңеш түзүлгөнүн маалымдады. Муну менен катар институционалдык өнүктүрүү максатында Жогорку Кеңештин алдында парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору бар экенин билдирди.

Өз кезегинде Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков да парламент жарандык коом менен активдүү кызматташууга аракет кыларын айтып: «Парламент жалпы улуттук шайлануучу органдын бири катары, жарандык укуктарды жана эркиндиктерди, демократиялык принциптерди өнүктүрүү максатында, биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жарандык коомдун институттары менен тыгыз кызматташуусу кажет», - деди.

Андан ары тегерек столдун катышуучулары белгиленген тема боюнча өз баяндамаларын жасашты. Ал эми талкуу маалында тараптарды кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Парламенттин жана жарандык коомдун күч-аракетин консолидациялоо, парламенттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, калк менен байланышуу механизмин жакшыртуу, айрыкча коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлоруна карата келген пикирлерди эске алуу тууралуу эксперттик сунуштар айтылды.

Алсак, «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарын айтты. «Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун директору Гүлмира Маматкеримова Жогорку Кеңештин көзөмөл функцияларын институционалдаштыруу зарылчылыгына көңүл бурса, «Журналисттер» коомдук фондунун башкармалыгынын төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков кабыл алынган айрым чечимдердин Жогорку Кеңештин концептуалдык саясаты менен шайкеш келбегендигин жоюу маселелерине токтолду.

Иш-чараны жыйынтыктап жатып, төрага Талант Мамытов өзүнө берилген бардык суроолор боюнча түшүндүрмө берип, парламенттин стратегиялык документтерин иштеп чыгуу, Жогорку Кеңештин маалыматтык-аналитикалык потенциалын чыңдоо, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу айтып берди. Муну менен катар бардык берилген сунуштар эске алынарын белгилеп, жарандык коомдун өкүлдөрү менен ушундай жолугушуулар үзгүлтүксүз уюштурулуп турарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Жаныбек Абиров, Марлен Маматалиев, Надира Нарматова, Өмүрбек Бакиров, Шайлообек Атазов, Гуля Кожокулова, Бактыбек Чойбеков, Максатбек Сарбагышев, Жалолидин Нурбаев жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын, жарандык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий