• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талант Мамытов каржы министринин м.а. Кыялбек Мукашевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 26.01.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 26-январда, каржы министринин милдетин аткаруучу Кыялбек Мукашевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышы, ошондой эле мамлекеттик тышкы карызды төлөө маселелери талкууланды.

Кыялбек Мукашев маалымдагандай, пандемия маалында киргизилген карантиндик чектөөлөр өлкө экономикасына терс таасир этип, анын ичинде мамлекеттик бажы жана салык кызматтарынын кирешелери боюнча 2020-жылдын соңуна белгиленген пландар толук аткарылган жок. Мисалы, чек аралардын жабылышы бажы жыйымдарын 5 млрд сомго кем жыйноого алып келди.

Ал 4,2 млрд АКШ доллары суммасына жеткен мамлекеттик тышкы карызды өз маалында төлөө боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. 2020-жылы тышкы карызды төлөөгө 225 млн доллар чамасында каражат бөлүнгөн. Мурда алынган кредиттерди төлөөнүн жогорку чеги 2025-2029-жылдарга туш келет. Бул мезгилде төлөмдөрдүн өлчөмү жылына 400 млн доллардан ашуун суммага жетет.

Кыялбек Мукашев жумушчу топ пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттардын сарпталышын текшерип жатканын, мындан сырткары, Эсеп палатасы өз корутундусун чыгарарын билдирди.

Каржы министри кредиттерди реконструкциялоо жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу боюнча эл аралык институттар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ички булактардан дагы каражат изделүүдө, маселен, төлөмдөн баш тартуу боюнча коррупциялык схемаларды көмүскөдөн чыгаруу максатында салык жана бажы органдарынын ишмердүүлүгү фискалдаштырылууда.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу макроэкономикалык туруктуулуктун сактылышынын, мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелерин жана COVID-19 менен күрөшүүгө байланыштуу иш-чараларды өз маалында аткаруунун, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүү үчүн тартылган донор каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан сырткары, Талант Мамытов карыз милдеттенмелерин реструктуризациялоо жана карыздарды азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисине токтолду. Ошону менен бирге Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына тышкы карызды экология жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорго конверсиялоо (алмашуу) механизмдерин карап чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

«Айтылган бардык көйгөйлөр экономикага барып такалууда. Бул чөйрөдө чоң реформалар күтүлүп жатат. Сиз жогоруда тизмектелген маселелердин маанилүүлүгүн эске алуу менен жеке көзөмөлүңүзгө алып, бюджеттин толук аткарылышы жана коюлган милдеттерди аткаруу үчүн оң кадамдарды жасайсыз деп ишенем», — деп белгиледи президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов каржы министринин милдетин ат

Пикир

Оставить комментарий