• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамытов Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) отурумдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда төрага Талант Мамытов боордош эки элдин тарыхый достук мамилеси бүгүнкү күндө да татыктуу алынып жатканын белгилеп: "Кыргызстан менен Казакстандын парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү өтө маанилүү жана учур талабы деп эсептейм. Биз КМШ ПАА, ЖККУ ПА, ТүркПА өңдүү бир катар парламенттер аралык уюмдардын алкагында өз ара тыгыз байланышта болуп келебиз", - деди.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев Казакстан Кыргызстан менен салттуу боордоштук мамилени өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жигердүү бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Муну менен катар парламент төрагалары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын март айында Казакстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгын канаттануу менен белгилешти. Ошондой эле сапардын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы, кыргыз-казак кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөөрүнө ишеним артышты.

Пикир

Оставить комментарий