• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамытов КМШ ПААнын "Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн" медалы менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин жыйындарынын алкагында аталган Парламенттер аралык ассамблеянын Кеңешинин төрайымы, Россия Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин көрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовду КМШ ПААнын "Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн" медалы менен сыйлады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул сыйлык парламентаризмди, моделдик жана улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө, демократияны жана конституциялык түзүлүштү бекемдөөгө, КМШ мамлекеттеринин жарандарынын укугун жана эркиндигин камсыздоого кошкон салымы үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин парламент депутаттарына, мамлекеттик-коомдук ишмерлерине, жарандарына, кызмат адамдарына жана тиешелүү органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле башка эл аралык уюмдарда эмгектенгендерге тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий