• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамытов КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. 8-декабрда Москвада Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Аткаруу комитетинин төрагасы – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КМШнын алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле КМШнын эл аралык байкоочуларынын Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого даярдыктын жана өткөрүүнүн жүрүшүнө катышуусун талкуулашты.

Өз кезегинде Сергей Лебедев Талант Мамытовго Шериктештиктеги кырдаал жана жакын арада болуучу иш-чаралар: 2020-жылдын 9-, 10-,18- декабрында өтүүчү Экономикалык кеңештин, Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жана КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин Кеңешинин отурумдары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Сергей Лебедев КМШнын Аткаруу комитети Кыргыз Республикасынын тармактык түзүмдөргө кошкон салмактуу салымын, КМШнын алкагында кабыл алынып, жалпы Шериктештик үчүн маанилүү болгон документтерди практикалык жактан ишке ашырууга катышуусун жогору бааларын белгилеп, Кыргызстан менен КМШга мүчө башка мамлекеттердин ортосундагы достук жана кызматтыштык мындан ары да өркүндөй берээрине ишенээрин билдирди.
Ал эми төрага Талант Мамытов Кыргызстан тарап шериктештиктин алкагында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө бекем турарын билдирип:

“КМШнын алкагында ага мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыктын дээрлик бардык чөйрөлөрүндө көп тараптуу алакалар үчүн зарыл шарттар түзүлгөн, эбегейсиз интеграциялык тажырыйба жыйналды. Жалпы аракеттердин натыйжасында эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн келишимдик - укуктук база өркүндөтүлдү. КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы калыптанып калган тажрыйба КМШга мүчө өлкөлөрдүн арасында али ишке ашырыла элек потенциал бар экенин айгинелеп турат. Ушул жагынан алганда, туруктуу иштеген аткаруучу, административдик жана координациялоочу орган катары КМШнын Аткаруу комитетинин ролу өтө маанилүү”, - деди.

Муну менен катар “Биз КМШнын Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жана КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин Кеңешинин алдыда өтүүчү кеңешмелеринин ишине тиешелүү деңгээлде катышууга даярбыз”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу.

Пикир

Оставить комментарий