• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамытов: Кыргызстан адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык аракетин жумшайт

Президент 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдеттерин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-декабрда, кыргызстандыктарды Эл аралык адам укугун коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Кыргыз Республикасы дүйнө коомчулугу менен бирге Эл аралык адам укугун коргоо күнүнүн 72 жылдыгын белгилеп жатат. Мен силерди ушул майрам менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Адам укугу — бул туулгандан тартып ар бир адамга таандык болгон негизги укуктар жана эркиндиктер. Алар ар намыс, адилеттик, теңдик, сый-урмат жана көз карандысыздык сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделет. Алар мыйзам менен белгиленген жана корголот.

Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгон күндөн тартып укуктук мамлекетти куруу жолуна түшүп, Конституцияда адамдын жогорку баалуулугу деп анын укуктарын жана эркиндигин белгиледи. Кыргыз Республикасынын, ошондой эле ар бир мамлекеттин милдети жарандардын кызыкчылыгын бардыгынан жогору коюу болуп саналат. Адилеттик жана мыйзамдын жоболорун сактоо принциптери биздин өлкөнүн ар бир жараны коргоодо болушу үчүн турмуштагы негизги ченем катары каралууга тийиш.

2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын эли адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту бек сактарын жана адам укуктарын коргоо бардыгынын жана ар бир адамдын кызыкчылыгын көздөөрүн дагы бир жолу далилдеди. Адамдын укуктарын сыйлоо ар бир кыргызстандыктын бакубаттыгын шарттайт, коомдун ичинде туруктуулукка жана бейпилдикке өбөлгө болот.

Кыргызстан бакубатчылыкка жана өнүгүүгө умтулуп, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Урматтуу мекендештер, Сиздерди дагы бир жолу Эл аралык адам укугун коргоо күнү менен куттуктайм! Силерге жана жакындарыңызга бейпилдик, ден соолук жана бакубат жашоо каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий