• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамытов: Кыргызстан ЕАЭБдин алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча ачык диалогду колдойт

Президент 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. «ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биз Биримдиктин алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду ар дайым колдойбуз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭБ) видеоконференция форматында өткөн отурумунда.

Президенттин милдетин аткаруучу бүгүнкү жолугушуунун өзөк маселесин — Биримдикти өнүктүрүүнүн күн тартибин түзгөн жана жакынкы 5 жылдагы анын ишинин негизги багыттарын аныктай турган Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты жөнүндө документти кабыл алуу маселесин белгилеп өттү.

«Стратегияга иштеп жаткан институттардын алкагында максаттуу каржылоонун механизмдерин жана программаларын киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын демилгеси камтылган. Анда биздин аймактык өнүктүрүү институттарыбыз тарабынан колдонулуп келген каржылоо ыкмаларын жаңылары менен толуктоо демилгеси каралган. Бул демилге биздин улуттук экономикаларыбызда жана жалпы эле интеграциянын өнүгүү деңгээлиндеги ажырымдарды азайтууда чечүүчү ролду ойнойт деген ишенимдемин.

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын эң актуалдуу маселеси жалпы газ рыногун түзүү болуп саналат. Бул маселе биздин кызматташуунун маанилүү артыкчылыктарынын жана өлкөлөрүбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун зарыл бөлүктөрүнүн бири. Кыргыз Республикасына газ жеткирүүдөгү өзгөчөлүктөрдү эске алып, бул маселеде Биримдикке мүчө-мамлекеттердин ички муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн, анын кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан, газды ташуудагы инфратүзүмгө жетишүү боюнча дискриминацияланбаган мамилени карап чыгышыбыз зарыл деп эсептейм», — деп билдирди Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов уюмдун мүчөлөрү Биримдиктин бирдиктүү тышкы соода саясатын жүргүзүүдө жакшы натыйжаларга жетишкендигин канааттануу менен белгиледи. Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, ошондой эле ички рынокту коргоо чаралары анын негизи болуп саналат.

«Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүшчүлөрүн үчүнчү өлкөлөрдөн келген жосунсуз импорттон коргоо үчүн көрүлгөн чаралардын жакшы таасири өндүрүүчүлөрдүн гана пайдасына эмес, биздин өлкөлөрдүн ички базарларындагы атаандаштык шарттарынын эске алынышына дагы тийиши керек. Ошол эле учурда, иш-аракеттер жөнгө салынып, укуктук белгисиздикке жол берилбеши зарыл. Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу ар кандай чектөөлөрдүн киргизилиши жана чек аралардын мажбур түрдө жабылышы, баарыбызга белгилүү болгондой, биздин өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнүн негизги себеби болгонун белгилегим келет. Мындай шарттарда өнөр жай жана агроөнөр жай кооперациясын күчөтүү өтө маанилүү. Анткени ал Биримдиктин экономикасынын посткризистик мезгилдеги натыйжалуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жана ЕАЭБдин жогорку интеграциялык дараметин ачууга мүмкүндүк берет», — деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Бул өңүттөн алганда Талант Мамытов экономикалык шокту турукташтырууда жана жалпы эле Биримдиктин экономикасын колдоодо аймактык каржы институттарынын өзгөчө ролун баса белгиледи.

Ошондой эле ал Биримдиктин негизги принциптеринин бири — жумушчу күчүнүн эркин кыймылына токтолду. Бул маселе азыркы учурда ЕАЭБдин алкагындагы социалдык гана милдет эмес, ошондой эле бүткүл адамзатка чакырык болуп жатат.

«Кыргыз Республикасы Биримдикке мүчө болгондон бери эмгекчилердин укуктарын жакшыртуу жаатында бир топ иштер жасалды. Кыргызстан Биримдикке мүчө- мамлекеттердеги жумушчулар менен катар эле алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо жана камсыздоо маселелерин демилгеледи. Социалдык жактан коргоо маселеси пандемия учурунда абдан курч байкалды. Буга байланыштуу, жумушчулардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандырууну жайылтуу маселесине кайтып келүү биз үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылышы Биримдикке мүчө-өлкөлөрдө жумушчу күчүнүн жетишсиздигине алып келди, анын ичинде жумушчулардын эркин жүрүшүнө чектөөлөрдү киргизүү бар. Кыргыз Республикасы зарыл болгон эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен ЕАЭБдин эмгек рыногуна чыгуунун кошумча механизмдерин түзүүгө жана аны талкуулоого даяр», — деп билдирди ал.

Талант Мамытов ошондой эле Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасын санариптештирүү, заманбап санарип технологияларын жайылтуу бүгүнкү күндүн артыкчылыктуу милдети экенин кошумчалады.

«Салык жана бажы жол-жоболорун автоматташтыруу, уруксат документтерин жана коштоочу документтерди санариптештирүү, ошондой эле товарларды маркирлөө жана аларга байкоо жүргүзүү тутумун киргизүү боюнча бардык биргелешкен демилгелерибиз тездетилиши зарыл. Бул тутумдарды киргизүү көмүскө экономикага каршы турууга жардам берет жана бюджетке бир топ каражаттардын түшүүсүн камсыз кылат. Буга байланыштуу, Россия Федерациясы менен жакында кол коюлган Кыргыз Республикасында Салыктык башкаруу тутумун өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну белгилеп кетким келет. Анын алкагында жакынкы аралыкта алардын иш жүзүндө башталышын күтүп жатабыз», — деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге аталган маселеде жеке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өтүп бараткан 2020-жыл биздин өлкөлөрдүн экономикасы үчүн жөнөкөй мезгил болгон жок. Ошол эле учурда, бул жыл бизге бир мыйзам ченемдүүлүктү ачыктады — биздин жаш уюм учурдагы бардык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга даяр. Жалпы максатыбыз — элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн мүчө-мамлекеттердин экономикасын туруктуу өнүктүрүү», — деп сөзүн жыйынтыктады Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов.

Пикир

Оставить комментарий