• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамытов кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады, - деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Төраганын куттуктоосунун текстин келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Адамзатты кечиримдүүлүккө жана сабырдуулукка үндөгөн бул айды жалпы мусулмандар жакшы үмүттөр менен күтүп, отуз күндө бири-бирине жалаң аруу тилектерин арноого аракет кылышат.

Айрыкча Орозо айы тамактанууга гана чектөө киргизбестен, жаман ой, жаман жоруктардан да арылууга көмөкчү болот. Бул айдын башка айлардан башкы артыкчылыгы да ушунда.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бир жылда бир келген Орозо айында араздашкандар жарашып, таарынышкандар табышсын. Кемчилик кетиргендер кечиришип, кейиште жүргөндөр кубанычка бөлөнсүн. Дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, адамзат илдеттен кутулсун! Элибизди ынтымак-ырыскы ыроолосун!

Дагы бир жолу куттуу Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!»

Пикир

Оставить комментарий