• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамытов Кытай парламентинин Туруктуу комитетинин төрагасы менен видеоконференция форматында жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен видеоконференция форматында баарлашты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, баарлашууда тараптар эки өлкө ортосундагы жана парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелерди талкуулады. Муну менен катар коопсуздук жана соода-экономикалык тармактарда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан Кытай менен болгон кызматташтыкка артыкчылыктуу маани берээрин белгилеп: “Кытай Кыргызстан үчүн жакшы коңшу эле эмес, ишенимдүү өнөктөш жана жакын дос. Эки өлкө ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болчу өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин сактап келет”, – деди. Муну менен катар эки мамлекет башчыларынын ушул жылдын февраль айындагы жемиштүү жолугушуусун эске салып, андагы жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашырылаарына үмүт артаарын кошумчалады.

Мындан тышкары, пандемия учурунда көрсөткөн колдоосу, ошондой эле кошумча 5 миллион доза вакцина берүү чечими үчүн Кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Сөзүнүн соңунда Жогорку Кеңештин төрагасы эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселесин көтөрүп, “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле кыргыз студенттеринин Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуусун кайрадан калыбына келтирүүгө, студенттик визаларды берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы алакалар жогорку деңгээлде экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташуудагы оң жылыштарга кеңири токтолду. Мындан тышкары, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” демилгеси эки өлкөнүн өз ара кызматташуусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берээрин кошумчалады.

Жалпысынан тараптар бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, анын ичинен кыргыз-кытай парламенттер аралык байланышын чыңдоого, парламенттик расмий делегациялардын иш сапарларын уюштурууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Муну менен катар бири-бирин кыргыз-кытай мамилелеринин тарыхындагы олуттуу окуя – дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий