• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамытов өлкөнү санарипке өткөрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыкты

Президент 0

Бишкек, 21.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 21-ноябрда, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасына (МИ) барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өлкөнү санарипке өткөрүү боюнча долбоорлорду, «Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жана «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен мындан аркы чараларды талкуулады.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов санариптештирүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыты боюнча каларын белгиледи.

«Заманбап технологиялар учурдун талабы болуп саналат. Кыргызстан электрондук башкаруу чөйрөсүндө көп иштерди жасады, бирок биз бул багытта дагы да активдешүүбүз керек», — деп айтты ал.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов бүгүнкү күндө санариптештирүү процесси толук кандуу жүрүп жатканы, буга чейин эле түзүлгөн электрондук башкаруу жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуусун кыйла жеңилдетип, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартып келатканы, ошондой эле эң маанилүүсү — мамлекеттик реформалардын кыймылдаткычтарынын бири болуп калаары тууралуу маалымдады.

Санарип платформанын түзүлүшү менен бирге эл аралык стандарттарга жана кибер коопсуздуктун талаптарына жооп бере турган маалыматтарды иштеп чыгуу борбору түзүлүүдө.

Ал ошондой эле «Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоору төрт компоненттен турарын эске салды. Учурда магистралга жана аймактык магистраль түйүнүндөгү кыргыз тараптын бөлүгүн кеңейтүү үчүн кызмат көрсөтүүлөргө техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандыгы белгиленди. 2021-2023-жылдарда Байланыштын була-оптикалык линиясынын (ББОЛ — ВОЛС) курулушу башталары күтүлүүдө.

2021-жылдан тарта маморгандардын бирдиктүү Дата-борборунда эсептөө кубаттуулугун көтөрүүгө өбөлгө боло турган «G-cloud» (маалыматтарды иштеп чыгуу мамлекеттик борборун) ишке киргизүү болжолдонууда. Аны менен калкка электрондук кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жакшыртылат.

Мындан сырткары, 2021-жылдан тартып санарип экономиканын негиздеринин укуктук-ченемдик базасын иштеп чыгуу башталат. 2021-2022-жылдарда Алдыңкы тажрыйба борборун түзүп, анда мамлекеттик кызматкерлерди активдүү түрдө санариптик көндүмдөргө жана компетенттүүлүккө үйрөтүүчү окутууларды баштоо пландалып жатат.

«Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева «Түндүк» тутумунун жетишкендиктери жөнүндө жана мамлекеттик порталдан (portal.tunduk.kg) электрондук кызматтарды алуу тартибин айтып берди. Анда учурда 19 мамлекеттик органдан келип түшкөн кызматтардын 82 түрү аткарылып, анын ичинен 68и автоматташтырылган жана 14ү жарым автоматташтырылган түрдө ишке ашкан. Ал ошондой эле, акыркы мезгилде IT технологияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көптөгөн мыйзам актылары кабыл алынып жатканын, бул көрүнүш эл аралык стандарттарга төп келген санариптештирүүнү толугу менен ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

«Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат Буржуев киргизилип жаткан маалыматтык технологиялар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, пенсиялык камсыздоодо жана башка чөйрөлөрдө колдонулган каржы агымдарынын ачык-айкындуулугун камсыз кыларын билдирди.

Ал «Түндүк» мамлекеттик ишканасы тарабынан жарандар үчүн иштелип чыккан «санариптик паспорт» деп эсептелип, дүйнөнүн каалаган жеринен үйдөн чыкпай туруп электрондук форматта кызмат алуу ишин жеңилдеткен Бирдиктүү идентификация системасын көрсөттү.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мындан ары да жарандарга жана ишкерлерге карата жагымдуу шарттарды түзүү максатында санариптештирүүнү натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттин өнүгүшүнүн зарыл фактору экендигин өзгөчө белгиледи.

«Бүгүн мен «Түндүк» мамлекеттик ишканасында жарандар жана мамлекет үчүн негизги маалыматтык системаларды иштеп чыгуу менен алектенген мыкты IT-адистердин бар экенине ишендим», — деп белгиледи мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн санарипке өткөрүү иштерин активдештирүү зарылдыгына көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий